Россияда Кыргызстан менен эки тараптуу жылды өткөрүүгө даярданышууда

Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Россия Фелерациясынын Тышкы иштер министринини орун басары Андрей Руденко менен жолугушуусу учурунда, кыргыз-россиялык кызматташуусун бекемдөөгө байланышкан бир канча маселелер каралды.

Бул жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-саясий кызматташуунун, анын ичинен ОДКБ жана ЕАЭС уюмдарынын алкагында ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын белгилешти.

Тараптар баардык деңгээлде, анын ичинен БУУ жана эл аралык уюмдар тарабындагы байланышты колдоонун зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле тышкы иштер аралык консултацияларды улантуу, жакынкы эки жыл ичинде тышкы ведомстволор аралык кызматташуунун программаларын ишке ашыруу боюнча сөз жүрдү.

Жекшенкулов менен Руденко миграция тармагы боюнча да кызматташуунун, Кыргызстанда ММУ филиалын ачуу боюнча иштин ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары 2020-жылы Россияда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Россиянын жылын өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашты. Эске салсак, мындай чечимди президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айындагы РФ башчысынын Кыргызстанга болгон иш сапарында кабыл алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД