Строкова Евгения Григорьевна

Строкова Евгения Григорьевна 1965-жылы 13-августта Кыргыз Республикасындагы Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку, 1990-жылы В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун, педагогика жана психология окутуучусу адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1984-жылы № 42 балдар бакчасында тарбиялоочу катары баштаган.

1986-1992-жж.. - № 103 "Теремок" бала бакчасында тарбиялоочу-методист.

1992-1993-жж.. – Бишкек шаарындагы № 25 орто мектеби.

2003-2007-жж.. – "Симера" долбоору боюнча "Көп тилдүү билим", Жарандык

Коомду колдоо Борборунун Ассоциациясында иштеген.

1993-2014-жж.. – Бишкек шаарындагы № 73 орто мектебинде башталгыч

класстардын мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча

директордун орун басары.

2014-2015-жж. – Октябрь районундагы Билим борборунун директору.

2015-жылдын октябрь айынан баштап КСДП партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча Комитеттин мүчөсү.

Кошумча маалыматтар:

Кызын тарбиялайт.

КСДПнын ишинде активдүү катышкандыгы, анын программаларына жана идеясына берилгендиги үчүн грамота менен сыйланган.

"Элдик билимдин отличниги" жана "Апрель элдик революциясынын баатыры" атайын төш белгисинин ээси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД