Профессор Бернар Шаванс студенттерге БА экономикасы жөнүндө лекция окуду

Белгилүү француз экономисти Бернар Шаванс Бишкектеги Technical School of Innovation AUCA студенттерине лекция окуду.

Лекцияны уюштуруучулар белгилегендей, илимдин доктору, көптөгөн публикациялардын автору жана Дени Дидро Universite Paris Diderot атындагы VII Париж Университетинин эмгек сиңирген пофессору Бернар Шаванс стулденттер үчүн: "Россиянын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жана Кытайдагы экономикалык системасынын эволюциясы: үч ондогон жылдар ичиндеги мамиле" темасында лекция окуду.

Бернар Шаванс өзүнүн сөзүн Борбордук Азияга тиешелүү болгон экономикалык процесстер жана экономиканын структурасына арнады. Профессор студенттерге Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономика жактан өз ара байланышы, нефть, газ, көмүр боюнча эл аралык баалардын өзгөрүшү, башка азыктардын экспортко көз карандылыгы, ошондой эле эмгек миграциясы жөнүндө айтып берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД