Россиянын бир нече шаарларында кыргыз маданий борборлору ачылышы мүмкүн

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин негизги иштеринин бирине, мекендештердин ал жакта жайлануусу жана ошол эле учурда маданий өзгөчөлүгүн сактап калуу болуп эсептелет. Бул маселелерди чечүүдө, идея боюнча, кыргыз маданий борборлорунун ишмердүүлүгү мүмкүндүк бермек. Жакынкы келечекте Россиянын борборунда жана башка бир нече шаарларында мындай маданий борборлордун ачылышы мүмкүн.

Москва шаарында өткөрүлгөн кыргыз диаспорасынын форумунда, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов ушундай демилгелер жөнүндө билдирди. Ал эске салгандай, азыр Москвада айтылып жаткандай идеялар, мурда дагы, президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушууларында айтылып келген. Бул маселе, дипломаттын айтымында, азыр иштелип чыгууда. Бирок мындай борборлорду бир эле убакта Россиянын үч шаарында – Новосибирскиде, Оренбургда жана Якутскиде ачуу мүмкүндүгү бар.

Жекшенкулов билдиргендей, бул тема жакында анын Россиянын региондорун кыдыруу учурунда көтөрүлүп, ал жактагы жетекчилер менен маектешүүдө, алардын колдоосуна ээ болгон. Новосибирскиде Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны көп. Оренбургду Борбордук Азия менен Россиянын ортосундагы дарбаза деп аташат, бул шаар аркылуу кыргызстандыктардын Россияга барууда жана кайра келүүдө чоң агымы өтөт. Ал эми "Якутия – жумшак айтканда, көңүл бура турган точка", - деп белгиледи элчи.

Жогоруда айтылган маданий борборлорду ачуунун келечеги жөнүндө айтып жатып, Аликбек Жекшенкулов бул маселелерди чечүүдө башка тараптардын да, анын ичинен – имаратында айтылган форум өтүп жаткан Россия федерациясынын Коомдук палатасынын колдоосу көрсөтүлөт деп ишене тургандыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД