Конституциялык палатанын судьясы К. Абдиев отставкага кетти

Бүгүн, 1-октябрда Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиевди жаш курагына байланыштуу салтанаттуу узатышты.

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дъйшеев Курмантай Абдиевди 70 жашка чыккандагы мааракеси менен куттуктап: "Мындай жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматтан жаш куракка байланыштуу кетүү чоң жетишкендик", - деди.

Анын айтымында, Курмантай Абдиев бийликтин 3 бутагында тең иштөөгө жетишип, жетектөөчү кызматтарда эмгектенип, чоң тажрыйба топтоду.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган коноктор жана судьялар сөз сүйлөштү. Алар Курмантай Абдиевдин жетишкендиктерин белгилешти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-октябрда К.Абдиев 70 жашка чыкты.

Ал 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматын аркалаган.

2010-жылдын июнь айынан 2015-жылдын май айына чейин "Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон

2015-жылы 7 жылга Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД