Журналист Андрей Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады (видео)

Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов кече күнү, 1-октябрда эфир учурунда кыргызстандыктардан кечирим сурады, ушуну менен бирге ал негизги фразаны кыргыз тилинде айтты.

-Кыргыз элинин эзелки даанышмандыгында мындай деп айтылат: "Укканды бил жана угузганды да бил".

Бүгүн мени Россиядагы жана Кыргызстандагы көрүүчүлөр угуусун каалайм. Бул окуя боюнча айткан сөздөрүм айрым көрүүчүлөргө катуу тийген болсо, "Түз эфир" программасынын жалпы редакциясынын жана өзүмдүн атымдан чын дилден өкүнүп жатканымды билдиргим келет. Биздин программаны дүйнө жүзү көрөт жана биз бардык көрүүчүлөрүбүздү алардын өлкөсүнө, улутуна карабай бирдей жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар! (кыргыз тилинде), - деди А.Малахов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында "Россия 1" телеканалында Андрей Малаховдун алып баруусундагы "Түз эфир" телеберүүсүндө россиялык миллиардер Аленсандр Маруговдун уулу Владимир каза болгон жол кырсыгы талкууланган. Жол кырсыгында мотоцикл менен такси кагышып, мотоциклдин айдоочусу көз жумган. Телеберүүдөгү бул окуяны талкуу учурунда Андрей Малахов Москвада такси айдоочусу болуп эмгектенген кыргызстандык Исламбек Акбаровду айыптаган сөздөрдү айткан. Андрей Малаховдун мындай сөзүнө кыргызстандыктар нааразы болушуп, андан кечирим суроону талап кылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД