Экс-депутат: Шаршенбек Абдыкеримовдун Хабибди чакырууга укугу жок болчу

Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болууга татыктуу эмес. Бул тууралуу VB.KG редакциясына КР пауэрлифтинг федерациясынын башчысы, экс-депутат Бакыт Керимбеков билдирди.

Анын айтымында, Абдыкеримов олимпиадалык комитеттин башчысы болуп туруп, Эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежелери жөнүндө билбейт.

-Шаршенбек Абдыкеримовду президент кылып шайлаган убактан бери мен анын кабыл алуусуна кире албай жүрөм. Ал өз жумуш ордунда такыр болбойт, ошондуктан аны улуттук олимпиадалык бекерпоз деп өзүмчө атап алгам. БУУнун спорттогу допингге каршы күрөшүү боюнча конвенциясы бар, ага дүйнөнүн баардык өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан да кол койгон. Бул конвенция боюнча Эл аралык олимпиадалык комитет тарабынан таанылбаган спорттун түрлөрүнө мамлекеттик жардам берилбеши керек. Мамлекеттик телевидение да аларды көрсөтпөөгө тийиш. Эң башкысы бул таанылбаган спорттук мелдештерде мамлекеттик гимн ойнолбой жана желек көтөрүлбөшү керек, анткени тиешелүү конвенцияга биз кол койгондон кийин, мындай укук олимпиадалык спорттун түрлөрүнө гана берилет. Мен Абдыкеримовдун Хабиб Нурмагомедовду чакырганын билгенимде, ал кишиге кайрылуу пайдасыз болоорун түшүндүм. Ал Эл аралык олимпиадалык комитеттин курамына кирген УОК жетекчиси болуп туруп, олимпиадалык комитеттин атынан олимпиадалык коомчулук тарабынан таанылбаган спорттун түрү менен машыккан спортчуну чакыра алмак беле, - деп белгиледи Керимбеков.

Бул эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежелерин тоотпой койуу болуп жатпайбы, мында анын бул эрежелер боюнча түшүнүгү бар экендигинен шек санайм.

-Бул анын спорт жөнүндө түшүнүгү жок экендигин билдирип жатпайбы. Андан тышкары Шаршенбек Абдыкеримов менен Канат Аманкулов Валентина Шевченкону "Даңк" медалы менен сыйлаган өлкөбүздүн президентин өтө оңтойсуз абалда калтырышты. Алар президентке Эл аралык олимпиадалык комитеттин эрежеси боюнча аны мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого болбойт, анткени эрежесиз мушташ олимпиадалык коомчулук тарабынан таанылбагандыгын президентке айтышы керек эле. Дегеле болбоду дегенде Шевченкого автоунаа, батир же акчалай сыйлык берилгенде туура болмок. Бул биздин өлкөнүн аткаминерлери олимпиадалык эрежелерди сактабай жаткандай болуп калууда. Мына ушундай себептерден ал УОК президенти болууга татыктуу эмес. Анын ордуна спорт жана олимпиадалык эрежелер боюнча түшүнүгү бар, билимдүү адам болушу керек, - деп кошумчалады экс-депутат.

КР пауэрлифтинг федерациясынын башчысы, экс-депутат Бакыт Керимбековдун берген маегин толугу менен VB.KG репортажынан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД