Мектептин директорлоруна жана мугалимдерине акча чогултууга тыйуу салынды

Билим берүү жана илим министри Канат Исаков мектептин директорлоруна жана мугалимдерине акча чогултууга тыйуу салды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн, 2-октябрда кол коюлду, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Мектептин жетекчилигине жана педагогикалык коллективине окуучулардын ата-энелеринен же аларды алмаштырган адамдардан, анын ичинен маданий-массалык жана башка иш чараларды өткөрүүгө да акча каражаттарын чогултууга тыйуу салынды.

Ошондой эле акча каржаттары маселесин кароодо Тарбиялоочу кеңештин жана ата-энелер комитетинин ишине катышууга да тыйуу салынды.

Акча каражаттарын окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштырган адамдардан) чогултууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө жалып билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жана педагогикалык коллективдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуу маселеси боюнча "ишеним почтасын" жана "ысык" телефон линиясын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Мектептердин жетекчилиги жана мугалимдери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу же алардын окуучуларга же алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда, күнөлүүлөргө тартип бузгандыгы боюнча, ээлеген кызматынан бошотууга чейин чара колдонулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД