ЖК депутаты: Мектепте тамактануу жана китептер үчүн ата-энелер төлөшү керек

Азыркы этапта тилекке каршы, билим берүү тармагын толугу менен каржылоо мүмкүндүгү жакынкы убакта болбой тургандыгын мамлекет мойнуна алуусу керек. Бул тууралуу VB.KG редакциясына берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык маселелер, билим жана илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча Комитеттин мүчөсү Евгения Строкова билдирди.

Депутаттын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги анын өтүнүчү боюнча жашына карабастан бир окуучуга жумшалган акчанын эсебин тактап берүүгө тийиш. Мына ушул керектөөдөн мамлекеттик бюджет жаба ала турган сумманы чыгарып, калгандарын – ата-энелерден сураш керек.

-Мына ошондон кийин ата-энелер менен так сумма жөнүндө макулдашуу керек. Ушундай жол менен кайсы мектеп бул акчаны чыны менен коротот жана кайсынысы коротпой тургандыгын аныктоо оңой болот. Менин оюмча, буга ата-энелердин көпчүлүгү макул болушат. Азыр алар айрымдары жүз сомдон чогултса, башкалары миң сом чогултуп жатпайбы, ал эми коюлган талап баардыгына бирдей болууда.

Строкова ошондой эле ата-энелердин мектептеги акча чогултууларга нааразы болуп, бүгүнкү митингге чыгып жаткандыгына түшүндүрмө берди. Парламенттин имаратынын жанындагы акцияга, жарандарды соцтармактар аркылуу чакырышып, мамлекеттен мыйзамга ылайык акысыз билим берүүнү талап кылышууда.

-Facebookта отуруп алышып калгандарынын тынчын алышууда. Дагы бирөө жазыптыр, бизде билим алуу акысыз, ошондуктан билим алууга байланышкандын баары акысыз болууга тийиш. Бул эмнени билдирет? Китеп баштыктар, калемдер, мектеп формасы, тамактануу, туурабы? Мени антисоциалдык деп аташаса да мейли, бирок, менин оюмча, мектепте тамактанууну ата-энелер төлөшү керек. Окуу китептерине дагы ошондой. Ал эми бошотулган бюджеттик акчалар, ата-энелер фондуна чогулткан сумманын ордун жабат. Ошондо ата-энелер баласына тамактануу үчүн 20-50 сом берип жатып, бул акчалардын эмне үчүн берилип жаткандыгын так билишет. Окуу китептери боюнча да ушундай болушу керек. Мына ошондо балдар окуу китептерине этияттык менен мамиле жасап калышат. Азыр болсо аларды жараксыз абалда өткөрүп берип жатышат, бул жатып ичерлик – биз үчүн баарын бүткөрүп бериши керек - деген мамилеге алып келүүдө. Биринчи кезекте балдар үчүн алардын ата-энелери милдеттүү, - деди парламент депутаты.

Депутаттын айтымында, Жогорку Кеңеште "Билим берүү жөнүндө" мыйзамды инвентаризациялоо улантылууда.

-Биз билим берүү жана акысыз деген түшүнүккө так аныктама берүүгө аракет кылуудабыз. Билимди мугалим берет. Ал эми калгандары – инфраструктура, техникалык жабдуулар – баардыгы билим алууга байланышкан зарыл нерселер – мына ушулар үчүн биз ата-энелерден жардам сурашыбыз керек, - деп сөзүн аяктады Строкова.

Мына ушундай маселелер боюнча депутаттын маегин толугу менен биздин видеоматериалдан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД