Чүй облусунда күйөөсү аялын балталап өлтүрдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Биринчи май айылынын тургуну аялын балталап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-сентябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Биринчи май айылында адам өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Үйлөрдүн биринен 43 жаштагы аялдын күч колдонуп өлтүрүлгөн денеси табылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда бул кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү 51 жаштагы И.Б. кармалды.

Алдын-ала божомолдоолорго караганда, ал аялы уктап жатканда балта менен чаап өлтүргөн. Андан кийин 8 жаштагы уулун кошунасыныкына калтырып, адам өлтүргөндүгүн айтып кетип калган.

Учурда И.Б. Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул факт КР Жазык кодексинин 130-беренеси боюнча (Адам өлтүрүү) Сокулук районунун ИИБ Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД