Бишкекте тигилген бак-дарактардын нормасы жети эсеге аздык кылат

Кыргызстанда тигилген бак-дарактарга зыян келтиргендерге жаза көрүү чарасы каралууда. Мындан тышкары жер тилкелеринин ээлери жекелик формасына карабастан өсүмдүк жана бак-дарактарды жашылдандыруу стандарттарын жана нормаларын аткарууга милдеттүү. Бул жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкуулоого чыгарылды.

Мыйзам долбоорунун авторлору белгилегендей, шаарлардагы бак-дарактарды коргоо чарасы бир дагы мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Анын натыйжасында 2004-жылдан 2014-жылга чейин Бишкек шаарында 15 гектар аянтындагы жашыл өсүмдүктөр жана бак-дарактар жок кылынган. Ушуну менен бирге жер ээлери жашылдандыруу эрежелерин сакташпайт, мунун кесепетинен экология жабыр тартат.

2016-жылдагы маалымат боюнча, ар бир бишкектик тургунга 21 кв метрлик жашыл өсүмдүк жана бак-дарактар ордуна 3,5 кв метри туш келген.

Мындай абал бүт өлкөнүн экологиясына тассирин тийгизүүдө. 2010-2014-жж.. атмосферага тараган зыяндуу заттардын саны эки эсеге өскөн.

-Эгер 2010-жылы Кыргызстан боюнча зыяндуу заттардын тарашынын өлчөмү 30 миң тоннадан бир аз ашык болсо, 2014-жылы анын саны 60 миң тоннага чейин көбөйгөн, анын жарымы Бишкек шаарына тиешелүү, - деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздеме-справкасында.

Мыйзам долбоорунун авторлору бак-дарактарга зыян келтиргендердин, ошондой эле аймакты жашылдандыруу эрежелерин сактоо милдеттерин карайт. Андан тышкары жашылдандыруу тармагы боюнча бизнесмендер үчүн салыктык жеңлидиктер берилиши мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун авторлору белгилегендей, мыйзам ишке кириши үчүн, аны кабыл алынышы гана эмес, өкмөт тарабынан мыйзамдык актылар иштелип чыгышы талап кылынмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД