Депутат айым: Тамеки жана ичимдик азыктарын чыгарууну азайтуу зарыл

Депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттарга Индиядан контрабандалык жол менен алынып келинген насвайды көрсөтүп, алардын акцизи жок, демек, көзөмөл дагы жок болуп жаткандыгын билдирди.

-Кыргызстанда 6 миң адам өпкө жана дем алуу органдарынын ооруганынан жабыр тартышат. Тамеки компаниялары өз азыктарынын кызыкчылыгын колдошууда. Ар бир кафеде кальяндарды сунуш кылышат, дүкөндөрдө насвай жана электрондук тамекилерди сатышууда, мына, менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Буларды алып келүүгө ким жол берип жатат, укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл, -деди депутат.

Депутат белгилегендей, импорттук насвайды сатып алып жаткандар, анын курамынын ден соолукка канчалык зыяндуу экендигин билишпейт.

Белигилей кетсек, Жогорку Кеңеште тамекини колдонуу жана таркатуу эрежелелерин күчөтүү, ошондой эле импорттук насвайды сатууга тыйуу салуу мыйзам долбоору каралууда. Ал эми Кыргызстанда насвай жасоочулар уруксат берүүчү лицензия алууга тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД