Москвада кыргыз таксистеринин кармалышы боюнча элчиликтин түшүндүрмөсү

Москва шаарында акыркы күндөрү Кыргызстандан барган такси айдоочулары массалык түрдө текшерилип, көпчүлүгү кармалгандыгы тууралуу маалыматтар соцтармактары аркылуу таркатылууда.

Россиядагы диаспоранын өкүлдөрү VB.KG редакциясына укук коргоо органдарынын кызматкерлери документтерди катуу текшерип жатышкандыгын ырасташты.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен редакцияга билдиришкендей, бул күндөрү Москва шаарында жана Москва облусунда "Нелегал" рейди жүргүзүлүп жатат. Дипөкүлчүлүктөн мындай текшерүүгө Кыргызстан жарандары жана такси айдоочулары гана эмес, башкалары да текшерүүдөн өтүп жаткандыгын белгилешти.

Рейд уруксаты жок келген мигранттарды аныктоо максатында жүргүзүлүүдө, эгер чет элдик жарандардын мыйзам бузгандыгы аныкталса, РФ мыйзамынын чегинде административдик чара көрүлүп, өлкөдөн чыгарылганга жана кайра кирүүгө чек салууга чейинки жоопкерчилик каралган, - деп айтылат элчиликтин билидирүүсүндө.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын жашаган жери боюнча ортомчулардын кызматын колдонбостон, РФ ИИМ миграциялык кызматынын аймактык органдарына каттоого туруу үчүн документтерин тапшырууну эстерине салат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД