Автобус сүйрөп кеткен окуучунун өлүмү: Айдоочу кармалды

Бишкекте автобустун эшигине кийими кыпчылып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, кече күнү, 3-октябрда мектеп окуучусу автобустун дөңгөлөгүнүн алдында калып каза болгон.

-Автобустун айдоочусу 1985-жылы туулган С.Н. Маевка – Күн-Туу каттамы менен Достук айылына багыты менен бара жатып, жүргүнчүлөрдү автобустан түшүрүп жаткан. Акыркы болуп № 70 мектеп-гимназиясынын окуучусу, 2008-жылы туулган бала чыгып баратып, кийими автобустун эшигине кыпчылып калган. Автобустун айдоочусу байкабай айдап кетип, окуучу бала дөңгөлөктүн алдында калган, - деп айтылат ЖКККББнын билдирүүсүндө.

Жаракат алган окуучу эсине келе албай, Бишкектин ооруканасынын травмотология бөлүмүндө каза болгон.

Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Автобустун айдоочусу кармалып, унаа айып короого киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД