Ленинград облусунда кыргызстандык бир аялды унаасы менен койдуруп кеткен

Өлүм менен коштолгон жол кырсыгы Ленинград облусунун Бокситогорский районундагы Вологда – Тихвин – Кола автожолунда катталды. Кыргызстандык жаран "ГАЗель" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен, алдынан чыга калган велосипедчен 37 жаштагы аялды койдуруп кеткен.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, кыргызстандык жарандын документтерин текшерүү учурунда, ага РФ миграциялык мыйзамдарын мурда бузгандыгы үчүн бул өлкөгө 2021-жылга чейин кирүүгө тыйуу салынгандыгы аныкталган.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Айдоочу кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жүк тартуучу автоунаа айып короого киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД