Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси декларацияны өз убагында тапшырган эмес

Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын 2017-жылы 2-августтагы "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча өзүнүн расмий сайтында, Бирдиктүү салык декларациясын 2018-жылда өз убагында тапшыра албай калган мамлекеттик жана муниципалдык кызматерлер боюнча маалыматты жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына карата, Бирдиктүү салык декларациясын 1 миң 202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өз убагында тапшырган эмес.

Ушуну менен бирге алардын көпчүлүгү мамлекеттик, муниципалдык жана бийликтин жергиликтүү органдарынын кызматкерлерине таандык болуп, баардык саны – 980 декларантты түзгөн.

Тизмеге киргизилгендердин катарына Мамлекеттик катто кызматынын (25), Жогорку Кеңештин (22), Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин (16), Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Агентствосунун (16), Каржы министрлигинин (13), Мамлекеттик салык кызматынын (12), Айыл чарба министрлигинин (10), Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын (10), ӨКМдин (7), Юстиция министрлигинин (7), Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (7), Бажы кызматынын (6), Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамалекеттик комитетинин (6), ТИМдин (6), Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын (6) жана башка органдардын кызматкерлери киргизилген.

Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбагандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары: Аида Исмаилова, Алтынбек Жунус уулу, Жыргалбек Турускулов, Жылдыз Мусабекова, Руслан Чойбеков, Зарылбек Рысалиев бар.

Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбагандардын тизмеси менен МСК сайтынан (http://www.sti.gov.kg/decl_dolj) таанышууга болот.

Салык кызматынан эске салышкандай, декларацияны тапшыруу мөөнөтү ар жылы 1-апрелде аяктайт

Редакция бегилегендей, декларацияны өз убагында ташырбагандар үчүн административдик айып пулу, физикалык тарапка - 2 миң сом жана юридикалык тарапка – 10 миң сом өлчөмүндө каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД