Активисттер: Ар бир башкаруучу өз иши үчүн жооп берүүгө тийиш

Бишкекте жарандык активисттер митингге чогулуп, бир нече талаптарды коюшту. Ошону менен бирге алар Кыргызстандын президентинен коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү жана бир мандаттык шайлоону кайра киргизүүнү талап кылышты.

Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, "Элет көйгөйү" КУ төрагасы Марипа Алыйкулованын айтымында, алар президенттин коррупция менен күрөшүн колдошот.

-Биз, жарандык активисттер, президент менен бирге коорупция менен өз күрөшүбүздү баштадык. Азыркы кезде биздин шайлоо жана шайлануу боюнча конституциялык укугубузду кайтарып берүүнү талап кылабыз, - деди ал.

Сиздин конституциялык укугуңуз кайсы жеринен бузулду деп эсептейсиз?

-Мисалы, биз мурда бир мандаттык шайлоодо шайланган депутатка кайрылып жана андан биздин укуктарыбызды коргоосун талап кыла алсак, ал эми азыр мындай мүмкүндүктөн ажыраганбыз.

Сиз бир мандаттуу шайлоону кайра киргизүүнү каалайсызбы?

Албетте, биз ошону каалайбыз. Анткени байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым тереңдеп кетти, эгер бул процессти токтотпосо, биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Биз ата-бабаларыбыздын мурасын келечектеги тукумдарыбызга өткөрүп беришибиз керек, эгер мамлекеттүүлүгүгүбүздү жоготуп ала турган болсок, эмнени бермекчибиз.

Анда эмне үчүн аянтка чыккан жоксуз?

-Биз аянтка чыгууну каалаганбыз, бирок, бюрократиялык бут-тосмойлор кимди болсо да акылынан ажыраткыдай.

Айтыңызчы, сиздин оюңузча, президенттин өзү коррупция боюнча жоопкерчилик тартышы керекпи?

-Күрөштү ал баштабадыбы, демек жоопкерчиликти тартат. Жөнөкөй эл ага жардам берет. Мурдагы төрт президенттин баардыгы бирдей ката кетиришти. Ишке жоопкерчиликсиз мамиле жасагандар эртеби-кечпи жооп бериши керек. Ар бир башкаруучу өз иши үчүн жооп берет. Ошондуктан бул президнт да элдин эркине каршы бара турган болсо, ага да жоп берүүгө туура келет.

Иш-чараны VB.KG репортажынан көрсөңөр болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД