Кыргызстандыктар Москвада өткөн спартакиадада III орунга ээ болушту

Москванын "Сокольники" маданий жана эс алуу сейил багында жыл сайын өткөрүлүп туруучу, шаардагы жердештердин жана улуттук-маданий бирикмелердин кезектеги VII спартакиадасы өткөрүлдү. Мында мурдагыдай эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да активдүү катышты.

Москванын улуттар саясаты жана аймактар байланышы Департаментинин жетекчиси Виталий Сучков, Москва улуттар үйүнүн директору Владимир Тарасов, советтик жана россиялык футболчу, СССРдин эл аралык классынын спорт чебери Игорь Шалимов спорт сүйүүчүлөрүнө куттуктоо жана калоо сөздөрүн сүйлөштү.

Спартакиаданын программасына жыйырмадан ашык спорт түрлөрү: волейбол, баскетбол, стритбол, футбол, улуттук күрөш, Сибирь элдеринин күрөшү, стол тенниси, масрестлинг, армрестлинг, шахмат, нарды, жаа атуу, мини-футбол киргизилген. Бул күнү баардыгы болуп спорт майрамына 32 улуттук коомдук уюмдардан 400дөн ашык спортчулар катышты. Айрым спорттун түрлөрү боюнча атаандаштар менен "Бүткүлроссиялык кыргыз конгресси" коомдук уюмунун спортчулары, эмгек мигранттары жана башкалар күч сынашты. Алар бул спорттук мелдештин баардык түрлөрү боюнча биринчи, -үчүнчү орундарды ээлешти. Ал эми командалык зачетте коло медалына татыктуу болушту.

Спортчуларды сыйлоо аземи дээрлик эки саатка созулду. Дипломдор менен 150дөн ашык адам сыйланды, анын ичинен кыргызстандыктар да көп болду. Эстелик дипломдорду жана медалдарды жеңүүчүлөргө Москва шаарынын физкультура жана спорт боюнча комиссиясынын, улуттук иштер Кеңешинин жетекчиси Батор Дугаров тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД