Россиялык учукучтар кыргыз мектептеринде мейманда болушту

Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасынын учкучтары Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун жалпы билим берүүчү мектептерине барышып, аскер бөлүгүнүн атынан билим берүүчү уюмдардын педагогдорун Мугалимдердин күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун (бул авиабаза ушул округдун курамына кирет) басма сөз кызматы билдирди.

Аскер формачан меймандар жалпысынан алганда беш салтанаттуу линейкага катышты. Мектеп мугалимдеринин жана окуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып, алар келечектеги жаштарды тарбиялоодогу мугалимдердин ролун баса белгилешти.

Жолугушуунун аягында россиялык аскерлер мектеп жетекчилерине аэродромго эскурсияга барууну сунуш кылышып, окуучуларга учактарды жана тикучактарды көрсөтүп жана авиабазанын тарыхы менен тааныштырууну убада кылышты.

Россиялык "Кант" авиабазасы ОДКБнын ыкчам аракет кылуучу коллективдүү күчтөрдүн бир бөлүгү болуп саналат жана өнөктөш-мамлекеттердин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылат. Авиабаза чабуул жасоочу Су-25 учагы жана Ми-8 тикучагы менен куралданган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД