Баткен облусунда көмүр казып жаткан жарандар каза болушту

Баткен облусунда катары менен эки кырсык болуп, өз алдынча көмүр казуу учурунда адамдардын истүү газга ууланып каза болушуна алып келди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулардын маалыматтарына караганда, биринчи кырсык ишемби күнү, 5-октябрда Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, 5 адам ууланган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барган учурда 5 адам газга ууланганы белгилүү болгон. Алардын үчөө шахтадан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Андан соң Кош-Булак айылындагы ооруканага жеткирилип, бирок дарыгерлер 1977-жылы туулган Я.Н., 1977-жылы туулган Я.Ж. жана 1979-жылы туулган Я.К. эчак эле каза болушканын билдиришкен.

Ал эми калган эки адамдын абалы туруктуу болгон.

Кийинки жекшемби күнү, 6-октябрда куткаруу кызматына дагы бир кабар келип түшүп, кырсык Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында болгондугу катталган. Ал жерде үч адам өз алдынча көмүр казуу учурунда, 45 метр тереңдикте ис газына ууланышкан.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар шахтадан каза болгон Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары:

- 1998-жылы туулган А.А., 1977-жылы туулган Т.Б. 1986-жылы туулган М.Т. жансыз денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД