Маданият министри Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги менен таанышты

Кече күнү скульптор Азамат Абдрахмановдун устаканасында кезектеги Көркөм кеңеш өткөрүлүп, анын мүчөлөрү атактуу артист жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги менен таанышышты. Бул тууралуу VB.KG редакциясына "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фондунун башчысы Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин жетекчиси Жаманкулов Азамат катышты.

-Көркөм кеңеш Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Абдрай Осмоновдун жетектөөсү менен өттү. Ал эми министр Жаманкулов скульптор Азамат Абдрахмановдун эмгегин жогору баалады, бирок, акыркы чечимди ал эмес, көркөм кеңеш кабыл алат, - деп белгиледи Абдрахманов.

Ошол эле учурда Сагынбек Үмөталиевич атактуу артистин эстелигин орнотуу долбоорунун уюштуруучулары кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатышкандыктары жөнүндө айтып берди.

-Бизде эстеликтин өзүн орнотууга акча каражаттары жетишпей жатат. Өткөрүлгөн марафондон чогултулган каражаттар скульпторго төлөп берүү гонорарына гана жетет, ал эми эстеликтин постаментин орнотуу жана айланасына көрк берүү үчүн бизде акча каражаты жетишсиз болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Ырыскелди Момбеков парламенттин отурумунда Сүймөнкул Чокморовдун юбилейине жана эстелигин орнотууга Өкмөт тарабынан бир сом да бөлүнүп берилбегенин айткан. Ошондуктан мен атактуу артистин эстеликтерин жана мемориалдык комплексин Бишкекте жана Ошто орнотуу үчүн жалпы элдик марафонду өткөрүү өтүнүчү менен Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго кайрылдым, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД