Өткүрбек Жамшитовду күбө катары сотко чакырышууда

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары өтүп жаткан Мелис Калыковдун соттук процессине күбө катары кайрадан өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду чакырышууда. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык сотунда 2019-жылы 9-10-11-октябрда бул иш боюнча соттук териштирүүлөр улантылат.

Сотто төрагалык кылып жаткан судья Жолборс Кудаяров калган 70тен ашуун күбөнү жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду суракка алуудан баш тартып жатат. Соттолуучунун тарапташтары Өткүрбек Жамшитовго билдирме баракчасы 2 жолу жиберилгенин, бирок, ал сотко келбей жатканын айтышты. Мелис Калыковдун жактоочулары аны мажбурлап алып келүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков шектелүүдө. Ал эми анын туугандары прокурордун өлүмүнө аны менен аңчылыкка чогуу барган коллегаларынын катышы бар деп билдиришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД