Жээнбеков: Осмоналиев жана ага окшогон эксперттер бизди каралоодо

Экс-депутат Равшан Жээнбеков юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин Кой-Таштагы окуяларда Жээнбеков жана ага окшогон бир катар жергиликтүү ишмерлер түздөн-түз катыштыгы бар "америкалык" из да болушу мүмкүн деген пикирине карата түшүндүрмө берди. Эске салсак, Осмоналиевдин билдирүүсү VB.KG редакциясынын "Равшан Жээнбеков чет элдик тассирдеги агентпи?" материалында чыккан.

Экс-депутаттын айтымында, авторитардуу өлкөлөрдө өзүнүн көйгөйлөрү башталганда, анын ичинен саясий жана экономикалык маселелер боюнча да, күнөөлүүлөрдү кайсы-бир үчүнчү күчтөн табууга аракет кылышат.

-Бул Кыргызстанга да, катуу авторитардуу режимдеги коңшу өлкөлөргө да тиешелүү. Мындай теориянын тарапташтарына бизге окшогон демократиялык көз караштагы саясатчыларды ЦРУнун же чет элдик таасирдеги агенттер деп күнөөлөгөн пайдалуу. Бизди өлкөдөгү абалды козутуп же револяция же төңкөрүш жасоого аракет кылышууда деп жаманатты кылышат. Кыргызстанда Кайрат Осмоналиев сыяктуу адамдар жана ага окшогон саткын эксперттер ушундай режимдер тарапта ойношуп, демократияны жана демократиялык көз караштагы саясатчыларды каралашат, - деди ал.

Сиз өзүңүздү россиялык тараптынбы же батыш тараптын саясатчысы катар эсептейсизби?

-Менин оюмча биздин саясатчыларды ушундай принцип боюнча бөлүү такыр туура эмес. Биз авторитардык режимди колдогондор жана башкаруунун демократиялык формасын тандап алгандар болуп бөлүнүшүбүз керек. Мен бийлик бир адамдын колунда топтолгонунда, дайыма авторитардык режим менен күрөшүп келгем. Биз кандай кылганда да демократиялык өлкөнү түзүшүбүз керек жана Кыргызстанда демократиялык саясатчылардын көп болгону оң.

Сизге карата кысымчылыктын күчөшүн күтүп жатасызбы?

-Мен мурдагы жылдарга салыштырмалуу кысымчылык күчөйт деп ойлобойм. Ал эми авторитардык өлкөлөрдө ар качан четтеги бирөөнү, ар качан шпиондорду таап, аларды күнөөлүү кылыш керек. Мага жана мага окшогон саясатчыларга мындай иш мындан ары дагы эле улантыла берет. Анын үстүнө акыркы 10 жылдан бери ушундай иш улантылып эле келе жатпайбы. Ушуну менен бирге алар ММКаны курал катары колдонушат: Дело №, Радар жана тилкекке каршы, Вечерний Бишкек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД