Эми айдоочулар күбөлүктү Лебединовкадан алышат

Бүгүн, 7-октябрда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Жеңиш проспекти 121 "Б" дарегинде жаңы сынак залдын ачылышы өттү. Эми "Унаа" мамлекеттик мекемесинен айдоочулук күбөлүк ала тургандар жаңы залда сынак тапшырышат. Бул тууралуу МКК басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бул имаратта экзамен тапшыруучу залдан тышкары, "Унаа" мекемесинин Бишкектеги бөлүмүнүн айдоочулук курамды каттоо сектору да жайгашкан.

Эми бишкектиктер үстүбүздөгү жылдын 7-октябрынан баштап биринчи айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн сынак тапшыруу, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу, жоготуп алуу жана жаңы категорияга которууга даярдануу үчүн аталган залга кайрылышы керек.

Ал эми транспорт каражаттарын каттоо жана кайрадан каттоо маселелери мурунку даректе - Бишкек шаарындагы Валиханов көчөсүндөгү имаратта чечилет.

Мындай көрүлгөн чаралар "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишин жана уюштуруу структурасын жакшыртуу үчүн жасалган кадамдардын бири болуп саналат.

МКК басма сөз кызматы баардык суроолор боюнча (312) 62-41-04 телефон номерине чалып кайрылууну сунуштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД