Новосибирскиде кыргызстандыктардын катышуусундагы массалык мушташ катталды

Россиянын Новосибирск шаарындагы Хилокский базарынын жанында кыргызстандык жарандардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу бүгүн АКИпресске Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков билдирди.

Анын айтымында, мушташ 7-октябрда саат 15.00. чамасында чыккан, алдан-ала божомол боюнча анын себеби – мурдагы жердештер Новосибирскидеги базарда иштеген ишкерлерден пара талап кылып келген.

-Ал жана анын кишилери биздин мекендештерди сабап, акча талап кылып жана базарда жөн иштетпей келишкен. Базарда иштегендер алардын мындай мамилесине чыдай албай, кыргызстандык жаранга тиешелүү "Инфинити" үлгүсүндөгү автоунааны өрттөп жиберишкен. Кече күнү бул жерге биздин консул келди. Учурда абал турукташып калды, - деп белгиледи ал.

Россиялык "Вести" басылмасы билдиргендей, массалык мушташка 200 адам катышып, анын ичинен 50 адам кармалган.

-Мушташ болуп жаткан жерге келген участкалык милиционер абага бир нече жолу эскертүү аткылоосун жасагандан кийин, көмөкчү жардам чакырган, - деп билдирет "Вести". Окуя болгон жерге укук коргоо органларынын кызматкерлери келип, көчөлөрдү тосууга алышкан.

"Новосибирск Онлайн" басылмасынын маалыматы боюнча, резина окторунан жаракат алган 5 адам ооруканага кайрылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД