Жайыл районунда 4 өспүрүм эки кылмышка шектелүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунда 4 өспүрүм 2 кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрга караган түнү Кара-Балта шаарындагы дүкөндүн имаратынын жанынан белгисиз бирөөлөр коммерциялык банктардын биринин банкоматын талкалап кетишкен.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 17 жаштагы К.А. менен С.Д. жана 16 жаштагы У.С. менен М.А. кармалышкан. Кийин белгилүү болгондой, бул өспүрүмдөрдүн дагы бир кылмышка тийиштиги бар экени аныкталды. Алар 3-октябрда дүкөндөрдүн биринин эшигин талкалап, 8 миң долларлык буюмду жана 76 миң 620 сомду уурдап кетишкен.

Бул факт Жайыл районунун ИИБ Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Шектүүлөрдүн бири 2002-жылы туулган К.А. КР Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда калган өспүрүмдөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД