Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы аскерлер кабыл алынды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана конвоирлөө боюнча Департаменти күзгү чакырылыштын жаңы аскерлери менен толукталды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азыркы убакта жаңы аскерлер билимин жана аскердик даярдыктарын жакшыртуу боюнча окуудан өтүп жатышат. Ошондой эле администрация укуктук, физикалык, өрткө каршы даярдануу жана жалпы аскердик уставдар боюнча окуу жүргүзөт.

Психологдор алар менен алгачкы күндөн баштап жамааттык түрдө жана ар бир аскер менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, аскердик кызмат өтөөгө моралдык жана психологиялык жактан даярдашат. Даярдоо курсу полигонго барып, ок атуучу куралды колдонуу машыгуулары менен аяктайт.

Тарбиялоо процесси аскер бөлүктүн музейинде өткөрүлөт. Ал жерде аскерлер №7412 аскердик бөлүктүн тарыхы менен таанышат. Даярдоо курсунан кийин жаш аскерлер ант берип, штаттык бөлүмдөргө бөлүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД