Бишкекте мыйзамсыз тургузулган дубал, дарбазаларды алып салуу улантылууда

Бишкек мэриясындагы жерди колдонуу жана курулуш Башкармалыгы мыйзамсыз курулган объектилерди алып салууну жана муниципалдык жер тилкелерин тизмеге алууну улантууда. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолкуда Башкармалык "Тазалык" ишканасынын командасы менен биргеликте Л. Толстой көчөсүндө орнотулган JCB компаниясынын жарнамасын алып салды. Ошондой эле Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат берилген документтери жок павильон алынды.

Мындан тышкары "Бишкеклифтсервис" ишканасы тарабынан жолду оңдоо иштеринин алкагында Түлөбердиев көчөсүндө иштин жүрүшүнө тоскоолдук кылган объектилер: дубалдар, дарбазалар жана чарбалык курулуштар алып салынууда.

Садырбаев жана Матыев көчөлөрүнүн кесилишинде жергиликтүү жашоочулар муниципалдык жердин эсебинен өздөрүнүн жер тилкелеринин аймагын кеңейтип алышкан. Ошондой эле Кара-Көл көчөсүндө № 34 үйүнү жашоочулары кызыл китеп сызыгынан чыгып, орноткон темир дарбазаны жана бышык кирпичтен тургузулган дубалды алып салууга туура келди.

Бишкектин мэриясы мындан ары да борбордун аймагында мыйзамсыз жана уруксаты жок курууларга жол бербей тургандыгын жана мындай курулуштардын баардыгы алып салынаарын эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД