Бажы кызматы Матраимов менен түшкөн жалпы сүрөт боюнча түшүндүрмө берди

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Бажынын азыркы жетекчиси Алтынбек Торутаев, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгынын министри Нурлан Акматов болуп жалпы түшкөн фотосүрөт 2015-жылы тартылган. Тактап айтканда, ал кезде Райымбек Матраимов Бажы кызматында иштеп жана Оштогу бөлүмүн жетектеп турган.

Бул фотосүрөт 2015-жылы Ош шаарынын чет жагында бажы кызматынын кызматкерлеринин биринин чакыруусу менен жеке өткөрүлүп жаткан иш-чара учурунда тартылган, - деп айтылат МБК билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул фотосүрөткө Шарабидин Марифов да түшкөн, ал 2017-жылы автокырсыкта каза болгон.

Белгилей кетсек, Бажы кызматынын кызматкерлеринин жалпы түшкөн фотосүрөтү ММКаларда жарыяланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД