Футбол-2022: Кыргызстан – Мьянма беттешүүсүнө карата айрым көчөлөр тосулат

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке жана 20123-жылы Азиянын Кубогу үчүн тандап алуу оюнадарында Кыргызстан – Мьянма курама командалары беттешет. Оюн саат 20:30да башталат.

Ушуга байланыштуу, КР ЖКККББ басма сөз кызматы билдиргендей, борбор шаарыбыздын айрым жолдору тосулат.

Ушуну менен бирге, кечки саат 18.00дөн оюндун аякталышына чейин Тоголок Молдо көчөсүнөн - Чүй проспектисинен баштап, Фрунзе көчөсүнө чейин; Фрунзе көчөсүнөн – Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки авто кыймылына чектөө киригизилет.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы өз тарыхында биринчи жолу 2019-жылы Азиянын Кубогунун финалдык оюнуна катышып, турнирдин плей-оффуна чыккан. Ал эми 2022-жылдагы дүйнөлүк биринчиликке тандап алуу тобунда биринчи оюнду Тажикстан курама командасына жеңилүү менен аяктаган.

Мурда бул стадиондо бир аз ремонт ишетри жүргүзүлүп, сынган отургучтар алмаштырылып, трибунада номер белгилери жана чек сызыктары жаңыртылып, жарык берүү жасалган.

Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясы билдиргендей, футбол оюну башталаар алдында жергиликтүү эстрада артистер ырдашат. Андан тышкары "Алай-2" футбол командасынын мурдагы оюнчусу Михаил Мариновго колдоо көрсөтүү максатында акча каражаттары чогултулат. Белгилүү болгондой, оюнчу азыркы убакта ден соолугунун оор абалына байланыштуу Ош шаарындагы үйүндө дарыланууда. Анын денесинин оң тарабы иштебей, сүйлөй албай калган, дарыланууну улантуу үчүн Москва шаарына алып баруу талап кылынууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД