Бишкектин автобус, троллейбустарында артистер ыр окуп беришет

Борборубуздун муниципалдык автобус жана троллейбустарында Gala Teatr жаштардын театралдык студиясынын 10 жылдыгынын урматына ар жуманын шейшемби күнү "Поэтикалык жол" акциясы өтүп турат. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюча, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова жана Gala Teatr артистер труппасы бишкектик-жүргүнчүлөр үчүн С. Есениндин, А. Пушкиндин, Франческо Петрарки сонеталарын жана поэзиянын башка классиктеринин ыларын оукп беришет.

-Артистерге бишкектик жүргүнчүлөр автоунаа ишканасынын жана шаардык троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жардам беришет.

Биз баардык шаардыктарды коомдук унаага отуруп, бир аз да болсо поэзияга жакын болууга чакырабыз, - деп айтылат Бишкек мэриясынын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД