Алымбек Рахимов пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн биринчилигин жеңип алды

Кыргызстандык Алымбек Рахимов Түштүк Африкада өткөрүлгөн пауэрлифтинг боюнча спорттун ардагерлери арасындагы дүйнөнүн биринчилигин жеңип алды.

Бул тууралуу VB.KG редакциясына Кыргызстандын пауэрлифтинг Федерациясынын президенти, экс-депутат Бакыт Керимбеков билдирди.

Анын айтымында, Рахимов 4 алтын медалга татыктуу болду.

-Бир алтын медалды 260 кг салмактагы штанганы көтөрүп отуруп-туруу, экинчи кичи алтынды жатып алып 180 кг түртүү, үчүнчүсүн 270 кг штанганы тартуудан алды. Жалпысынан эсептегенде мелдештин үч түрү боюнча 710 кг топтоп, жалпы зачет менен чоң алтын медалды жеңип алды. Бул анын 50 жашка чейинки өз салмагы боюнча, ал эми дүйнөлүк биринчиликтин жалпы жыйынтыктыгы боюнча экинчи орунга ээ болду, - деп белгиледи Керимбеков.

Ал ошондой эле Рахимовдун дүйнөлүк биринчиликке баруусу үчүн кандай кыйынчылыктарга туш келишкенин да эске салды.

-Менин "Кыргызстан" саясий партиясынын дарегине сын-пикиримди айткандыгым үчүн, Мамлекеттик спорт Агнетствосу ар кандай тоскоолдуктарды жасагандыгына карабастан, биздин спортчубуз дүйнөлүк биринчиликке барып, 4 алтын медалды жеңип алды, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД