Балдарга коопсуздук курун такпагандарга айып пулу салына баштайт

Жолдо тартипти сактоочулар мындан ары автоунаадагы балдар үчүн автоотургучтарды текшерүүгө алышат. Эгер айдоочу автоунаага баланы салып баратса, эреже боюнча автоотургуч болуусу шат. Бул тууралуу smi.kg басылмасына ЖКККББ башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы Бузуу кодексинде автоунаада атайын автоорундугу жок балдарды салып бараткандыгы үчүн 3000 сом айып пул салынат. 12 жашка чейинки балдарды жеңил автоунаанын алдыңкы отургучуна баланын боюна жана салмагына жараша автоотургучу жок отургузууга тыйуу салынат.

-Анын үстүнө автоотургучту орнотуу, ошондой эле аларга балдарды жайгаштыруу аны колдонуу эрежесине ылайык болуусу зарыл. Бул норма авария болгон учурда баланын коопсуздугун камсыз кылуусу керек. Ушул жылдын башынан бери болгон авариялардан өлкөдө 68 бала каза болуп, 1 миң 464 бала жаракат алган", - деп кошумчалады Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД