"Асанбай" кичирайонундагы токой багында адамдын жансыз денеси табылды

13-октябрда эртең мененки саат 9.30. чамасында Бишкектин Октябрь районунун ИИБ "Асанбай" кичирайонунун токой багында европалык түспөлдөгү адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Октябрь районунун ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча окуя болгон жерге Октябрь районунун ИИБ ыкчам иликтөө тобу келгенде, бактын түбүнөн отурган абалдагы адамдын жансыз денесин табышкан. Анын мойнунда электр узарткычы оролуп, бир учу бакка байланып турган. Бул адамдын өздүгү аныкталып, 1975 жылы туулган Е.П. болуп чыкты.. Алдын ала маалыматка ылайык, акыркы убактарда анын жумуш жана карыз боюнча көйгөйлөрү болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып жана бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кийин белгилүү болгондой, каза болгон Егор Паньшин Бишкекте чыгармачыл, интеллектуалдык оюндарды уюштуруу менен алектенип жүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД