Башкы прокуратурада Жамшитовдун күбө катары сотко баруу маселеси каралат

Өткүрбек Жамшитовдун Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун өлүмү боюнча сотуна күбө катары баруусу боюнча Интернет-кайрылуу КР Башкы прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот ишин кароо боюнча Башкармалыгы тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу кылмышка айыпталып жаткан Мелис Калыковдун эжеси – Дамира Калыкова билдирди.

-Каттарды кабыл алуу бөлүмүнөн менин Башкы прокурор Жамшитовду Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун өлүмүнө байланышкан соттук ишке күбө катары келүүсүнө экинчи жолу кайрылуум боюнча формалдуу жооп алдым. Бул маселе боюнча мага көңүл бөлбөй жатышкан болсо керек, бирок, Талас облусунун прокуратурасындагылар менин билдирүүмдү Бишкекке жөнөтүп жиберишиптир. Ошентип, каттарды кабыл алуу бөлүмү жооп кайтарууга мажбур болду. Таластык прокурорлорго ыраазычылыгымды билдирем, - деп белгиледи Калыкова.

Бул кылмыш ишинде жалгыз айыпталуучунун эжеси Башкы прокуратура менен болуучу мындан кийинки кат алышууларды жергиликтүү гана эмес, чет өлкөлүк ММКалар, Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык уюмдар жана элчиликтер, мамлекеттик органдар, КМШ боюнча коллегалары, КМШ башкы прокурорлор Кеңеши, Интерпол, Европалык Биримдик ж.б. аркылуу жөнөтүп тураарын билдирди.

-Жооп бергениңерге рахмат. Сиздерге бир суроом бар: Башкы прокурор Жамшитов соттун кийинки жыйынына келеби? – деп ал КР Башкы прокуратурасынын жарандарды жана документтерди кабыл алуу бөлүмүнө жазып жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД