Александр Крестинин: Биздин милдет – жеңишке жетишүү

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин команданын алдына Монголия курама командасы менен оюнда жеңишке жетишүү милдетин койду.

2022-жылдагы дүйнөлүк биринчиликке тандап алуунун алкагындагы F тобундагы кезектеги футболдук беттешүү үстүбүздөгү жылдын 15-ктябрында Улан-Батор шаарында өткөрүлөт.

14-октябрда Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу жана оюнчуларынан катышуусунда оюн алдындагы пресс-конференция болду.

-Биздин максат – жеңишке жетишүү. Бирок жеңип алуу үчүн сөзсүз түрдө эле көп гол киргизүү керек эмес. Монголиянын курама командасы да өз талаасында жакшы оюнду көрсөтүүдө, мыкты оюнчулары да бар. Биз жеңишке жетишүү үчүн, болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек, - деди башкы машыктыруучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД