Бишкектеги кампадан уурдалган буюмдар табылды

Үстүбүздөгү жылдын август айында Сокулук районундагы Слекционное айылынын тургуну Чүй облустук ИИББ арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын үйүнөн акча, алтын буюмдарын жана уюлдук телефондорун уурдап кеткендигин билдирген.

Бул кылмыш ишин ачуу үчүн Сокулук районунун ИИБ милиция кызматкерлери баардык ыкчам иликтөө жана тергөө иш чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында уурдалган телефондордун бири маал-маалы менен колдонулгандыктан, ал адамдардын өздүгү жана даректери аныкталган.

Аталган факт КР Жазык кодексиндеги 200-берене (Уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

7-сентябрда Бишкекте милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүшүп, ар түрдүү үлгүдөгү ноутбуктарды, сыналгыларды, чаң соргучтарды, компьютерге керектүү жабдыктарды жана шуба, дубленкаларды табышты.

Учурда табылган буюмдардын 6 ээси табылып, аларга кайтарылып берилди. Милиция калган буюмдардын ээлерин издеп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД