Ысык-Көлдү Евразиянын ыйык көлдөрүнүн Биримдигине "чакырышты"

Алтай цивилизациясына арналган эл аралык форум 2020-жылы Алтайда өткөрүлөт. Ал 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн "Алтай цивилизациясы жана алтай тилиндеги элдердин байланышы" форумунун уландысы болуп калмакчы. Алдыда боло турган форумга, Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация да күтүлүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Алибек Жекшенкулов менен жолугушуу учурунда, РФ Мамлекеттик думасынын депутаты, КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештердин байланыш иши боюнча Комитетинин мүчөсү Иван Белеков билдирди. Россия парламентинин депутаты жогоруда эскерилген Кыргызстандагы форумда айтылган идеяларды мындан ары да ишке ашырууну улантуу зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерин Алтай Республикасында жана Алтай крайындагы адистештирилген икусство, музыка жана живопись тармагы боюнча окутуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Андан тышкары Иван Белеков "Евразиядагы ыйык көлдөрдүн Биримдигин" түзүү менен, ага жана ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастары тизмесине Ысык-Көлдү киргизүү маанилүү деп эсептейт. Иван Белеков мындай демилге менен былтыркы жылы күзүндө Мамлекеттик думада өткөрүлгөн ""Евразиянын улуу көлдөрү: эл аралык, экономикалык, маданий жана экологиялык кызматташуунун мыйзамдуу маселелери" деген аталыштагы тегерек столдо сөз сүйлөгөн. Ошондо ал экологияны, Ысык-Көлдү жана анын акваториясын сактоо боюнча кыргызстандыктардын зор тажрыйбасы бар, бул Россия жана башка өлкөлөр үчүн абдан баалуу тажрыйба болуп эсептеле тургандыгын жана мындай кадамдын актуалдуулугун баса белгилеген.

Аликбек Жекшенкулов да өз кезегинде, Кыргызстандын жетекчилиги Россия менен Кыргызстандын кызматташуусун бекемдөө менен, анын региондору, анын ичинде Алтай Республикасы менен да өз ара байланышууну өнүктүрүүгө аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

Маектешүүнүн катышуучулары достук байланыштагы өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташуусун да өнүктүрүү зарылдыгын жана келерки жылдагы маданий-идеологиялык иш-чаралардын маселелерин талкуулашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД