Бишкекте мас абалында маршрутка башкарган айдоочуну видеого тартып алышкан

Бишкекте № 227 маршруттук бусиктин айдоочусу мас абалында айдап бараткандыгын видеого тартып алышкан. Мындай видеону "Элдик медиа" басылмасы жарыялады.

ММКанын маалыматы боюнча, видео 11 октябрда окурман тарабынан тартылган.

Кадрда көрүнүп тургандай, жүргүнчүлөрдүн бири мас абалындагы айдап бараткандай көрүнгөн айдоочунун көрүнүшүнө түшүндүрмө берүүдө.

-Бүгүн, 11-октябрь кечки саат 19.30. маршруттук бусиктин айдоочусу мас абалында айдап баратат, - деди ал.

Айдоочунун өзү: "Баардыгы жайында!"- деп жооп берүүдө.

-Баардыгы жайында деген эмнеси! Уялбайсызбы, мас болуп алып айдагандан! – деп жооп берди жүргүнчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД