Россиядагы кыргыз дипломаттары мекендеш-студенттерге колдоо көрсөтүшөт

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Моква шаарында жайгашкан алдыңкы жождордун биринчи курсунда окуган кыргызстандык студенттер мейман болушту.

Бул жогорку окуу жайлардын арасында – М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Элдердин достугу россиялык университети, Москва эл аралык мамилелер мамлекеттик институту, РФ ТИМ дипломатиляк академиясы, Мамлекеттик башкаруу университети, К.А. Тимирязев атындагы мамлекеттик агарардык университети, Москва энергетикалык институту, Н.И. Пирогов атындагы россиялык медициналык университети, Москва мамлекеттик курулуш университети бар.

Дипломаттар менен жолугушууда ошондой эле Москвадагы "Жаш толкун" Кыргызстан жаштары биримдигинин активисттери да катышты.

Дипмиссиянын меймандарына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кайрылып, алар жакшы билим алуу мүмүкүндүгүнөн пайдалануу менен мекенине жакшы адис катары кайтып келишерине ишене тургандыгын билдирди. Элчи мындан тышкары жаш кыргызстандыктарды бул өлкөгө келгенден кийин мыйзамдарын сактап, каада-салтын сыйлап жана Россиянын борборунда убакытты окууга, спорт менен машыгууга жана бул шаардын тарыхы менен таанышууга арноого чакырды.

Ошондой эле элчилик менен жаш мекендештердин өз ара аракеттешүүсү жөнүндө да сөз жүрдү. Жекшенкуловдун айтымында, Кыргызстандан келген студенттерге мурдагыдай эле ар кандай маселелерди чечүү боюнча укуктук жардам, анын ичинен окууга кайрадан орноштуруу, башка жождорго жана факультеттерге которуу, жатаканаларда орун берүү, билим берүүчү жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө колдоо көрсөтүү сыяктуу жардамдар көрсөтүлөт.

Жаш кыргызстандыктарга ошону менен бирге атайы уюуштурулган фотосүрөт көргөзмөсүн көрсөтүшүп, Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүүчү мекемесинин тарыхы менен да тааныштырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД