Алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болуп жүргөн адам кармалды

Кыргызстанда алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам, Москва шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун 1978-жылы туулган тургуну К.К. 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугусуз эле үй ээсинин кол жазмасын жасап, кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлккө банктан 300 миң сом өлчөмүндөгү насыяга алган акча каражатын өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.

Ал жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу беренеси боюнча айыпталып, укук кргоо органдарынын кызматкерлери бир нече жылдан бери алдамчыны издеп жүрүшкөн.

КР ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Москва шаарынан полиция кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда бул жаран Москва шаарынын аймагынан кармалды.

Учурда аны кылмыш жообуна тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү маселелери иштелип чыгууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД