Тазабек Икрамов: Жогорку Кеңеште чыныгы мекенчилдер иштешет

Депутат Тазабек Икрамов "Азаттык" басылмасына соцтармактардагы жүрүп жаткан, депутаттыкка талапкерлер парламенттеги орун үчүн акча төлөшөт деген талкуулар боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, депутаттар иштеп акча тапкыдай Жогорку Кеңеште бюджет жок.

-Жогорку Кеңештин бюджети жок. Биз кыскартууларга баруу үчүн көп иштерди жасадык. Депутаттар өз ишинде ачка табышат деп көпчүлүк ойлошу мүмкүн, бирок, андай эмес. Бул жерде өз өлкөсүнүн камын ойлогон адамдар иштейт. Бизде элдин үнүн өкмөткө жеткире ала турган ыйык трибунабыз бар. Жемкорчулук тууралуу фактыларды өкмөткө биз – депутаттар гана айтуудабыз. Депутаттардын эч кандай бюджети жок. Мурда болгондордун көбүн кыскартып салганбыз. Депутаттыкка чыныгы мекенчилдер гана келишет, - деди ал.

Өз кезегинде депутат Бекешев депутаттыкка талапкерлердин "төлөмү" бар экендиги жөнүндө айтканы бар.

-Мурда 100-200-300 миң доллар төлөп беришчү, эми добуш алуунун кымбаттагандыгына байланыштуу, кийинки шайлоодо 500 миңге, миллионго жетет деп ойлойм. Бул жерде сөз эч кимге белгилүү эмес адамдар жөнүндө жүрүп жатат. Бирок мен билгенден, Кыргызстанда депутат болуу үчүн миллион доллар берүүгө даяр адамдар бар, - деген оюн айткан ал.

Эске салсак, мурда саясат таануучу Денис Бердаков соцтармактагы өз баракчасында парламенттин жаңы чакырылышындагы орунду ага сунуш кылышкандыгы жөнүндө айткан.

-Массалык маалымат каражаттарында белгилүү адам катары мен партиялык кассага 350 000 доллар төлөм төгүшүм керек экен, мындан тышкары жаштар жана улуттук үлүшүм да бар. Жөнөкөй адам мындай өлчөмдөгү 350 000 америкалык акча каражатын кайдан тапмак эле? – деп суроо салат саясат таануучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД