Чупик: Москванын полиция бөлүмүндө кыргызстандыктарды мыйзамсыз кармашууда

Москванын полиция бөлүмүндө кыргызстандыктардын мыйзамсыз кармалышы жөнүндө соцтармактарда укук коргоочу, миграциялык укук боюнча юрист Валентина Чупик жазган.

Анын айтымында, кече күнү, 16-октябрда, Москвадагы Новокосино мамлекеттик тейлөө кызматын көрсөтүү борборунун чыга беришинде, полиция Кыргызстандын эки жаранын: 26 жаштагы Урамчин уулу Акжолду жана 24 жаштагы Жаналиева Нуризаны кармап, Новокосино ОИИБне алып келишкен.

-Аларга тамак, суу бербей, котормочунун кызматын көрсөтпөй, Кыргызстандын элчилигине жарандардын кармалгандыгы тууралуу билидирүү жибербей камашкан жана иштин материалдары менен тааныштырышкан эмес, - деп жазган Валентина Чупик.

Ал полициянын мыйзамсыз иштери боюнча кабарлоого аракет кылган, бирок, нөөмөт бөлүмүнөн арызды кабыл алуудан баш тартышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД