Баскетбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталат

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында, ишемби күнү борборубуздун Кожомкул атындагы спорт сарайында баскетбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталат.

Республиканын баскетбол Федерациясынын генералдык секретары Евгений Пеховдун маалыматы боюнча, мелдеш үч лигада: жогорку, эркектер арасында биринчи жана аялдар арасында жогорку лигада өткөрүлөт.

Эркектер арасындагы жогорку лигада биринчиликке жаңыдан катышып жаткан командалар көп. Кыргызстандын биринчилиги үчүн атаандаштыкка "Гиннес-юниор", "Легион" (экөө тең Бишкектен), ошондой эле Ош шаарынан да командалар келишет. Булардан тышкары ата мекендик баскетболдун лидерлери: "Гиннес-29", "Политехник", "Мой телефон", "Шум", "Легион" (баардыгы Бишкектен), ошондой эле Ысык-Көл облусунан "Гризли" клубу катышат.

Эркектердин биринчи лигасында 13 команда, ал эми аялдар дивизионунда – жети команда катышат.

Жогорку лигада командалар эки айлампада ойношуп, андан кийинки төрт команда өлкөнүн чемпиондугу үчүн өз ара плей-офф оюндарын өткөрөт. Эркектердин биринчи лигасы жана аялдардын клубдары өз ара бир айлампада ойношот, андан кийин аларда дагы плей-офф оюндары башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД