Бишкекте "кызыл китепти" жазып берүү убактылуу токтотулду

Жеке секторлордун жашоочулары өз жер тилкелерине "кызыл китепти" жаздырып ала албай убара тартышууда. Жер ресурстары Башкармалыгынын аткаминерлери шаардыктардын таламдарына, жада калса документтерин кароого алгандардын суроолоруна жооп бербей жатышат.

-Биз Керамичиеский көчөсүндө 1959-жылдан бери жашайбыз, жеке жашоо шарттарыбызга байланыштуу жер тилкесин өзүбүзгө жаздыра албай калганбыз: адегенде өмүрлүк жолдошум ооруп калды, андан кийин документтерди даярдоо үчүн акча каражаты жок болду. Биздин колубузда үй китеби жана техпаспорту бар, бирок, биз үйдү камсыздандыруу үчүн "кызыл китепти" алып коёлу дегенбиз, - деп "Вечерний Бишкек" редакциясына даттанды пенсионерка Тамара Сальникова.

-2017-жылы ноябрь айында эле мен тиешелүү баардык квитанцияларды жана уруксат берүүчү документтерди кошуп жер ресурстары Башкармалыгына тапшыргам, бирок, ушул күнгө чейин ал жактан эч кандай жооп келген жок. Мындай жоопкерсиздик качанга чейин улана берет?

Жер ресурстары Башкармалыгында азыр "кызыл китепти" жазып берүү убактылуу токтотулгандыгына шылтоо кылышууда. Ушуга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин № 339 " Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жоболорун бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Ошону менен бирге аткаминерлер өздөрү № 339 токтомдун ушул жобосунун өзү мэриянын толуктап иштеп чыгуусу үчүн берилгенине бир жарым жыл болгондугун белгилешүүдө.

"Вечерний Бишкек" редакциясынын кабарчысы Бишкек шаардык кеңешине кайрылып, бул документ жөнүндө сурап көрдү эле, № 339 токтом БШК профилидик комиссиясынын талкуусунда каралып жаткандыгы жана 2019-жылдын 16-июнунда тааныштыруу үчүн шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылгандыгы аныкталды.

-Биз шаардыктарга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бир аз чыдап жана күтө туруу кеңешин беребиз, - деп билдиришти БШК басма сөз кызматынан.

- БШКнын муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар куруу жана архитектура боюнча комиссиясы депутаттар бирдей чечим кабыл алышы үчүн бул долбоорду кезектеги сессияга алып чыгат. Бул документтин комиссияда каралып жаткандыгын эске алганда, анын жыйынтыгы жакында билинет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД