Россиянын аскер парашютчулары Кыргызстанда машыгуу өткөрүштү

Үстүтбүздөгү жылдын 16-октябрында Кыргызстандагы "Кант" россиялык авиабазасында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн парашют спорту боюнча курама командасы машыгууларды өткөрдү.

Спортчулар машыгуунун үч түрү боюнча: жерге түшүүнүн тактыгы, жеке жана топтун ичинде акробатика көнүгүүлөрүн жасашты, - деп билдирди РФ Коргоо министрлигинен.

Бул машыгуулар 18-27-октябрга чейин Ухань шаарында (Кытай) боло турган VII дүйнөлүк аскер оюндарына карата даярдык көрүү максатында өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД