Бишкекте балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган коляскаларды сатышууда

Бишкектин тургуну Болот балдардын коляскасын саткан чет элдик компанияны сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал VB.KG редакциясына билдирди.

Анын айтымында, сөз голландиялык Greentom компаниясына окшотуп, балдардын коляскасын жасап чыгарган кытайлык Mirabell компаниясы жөнүндө жүрүүдө.

-Үч ай мурда биз бул колясканы "Жал" кичирайонундагы дүкөндөн 12 миң сомго сатып алганбыз. Ал бир ай өтпөй бүктөгөн жери иштебей, сынып калды. Биз бул себеп менен дүкөнгө кайрылып отурбай эле, өзүбүз буроолор менен бекитип салдык. Ушундай болгону менен, биз сейилдөө учурунда коляска кээ бирде артына кулап калып жаткандыгын байкадык. Ошондуктан аны этияттап, дайыма кармап жүрчү болдук. Бирок, бир жолу 1,5 жаштагы балабыз коляскада уктап калгандыктан, бир мүнөткө алаксып арт жагымды карап жаткам. Ошол учурда коляска артына кулап, ымыркай бала башы менен жерге урунду. Анын натыйжасында баланын мээси чайкалып, бизге ооруканага жатууга туура келди, - деди Болот нааразыланып.

Ошондон кийин Болот ачуусу келип дүкөндүн кожойкесине телефон чалганында, ал кечирим сурады.

-Мен ага балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган ушундай колясканы кантип сатып жатасыңар дедим. Ал бул колясканын сапаты боюнча эч ким арыздана электигин айтты. Бирок мен ооруканадан ушуга окшош абалга туш келип, бирок, колсяканы колу менен кармап калууга жетишкен аялды жолуктурдум. Мына ошондон кийин ал аял колясканы колдонбой калыптыр. Бул колясканын кесепетинен менин баламдын мээси чайкалды, эми кийин натыйжасы жаман болбосо экен. Эгер балам өзү күнөөлүү болсо, мисалы, коляскадан секирип же өзү кулап түшсө бир жөн, бирок, ал коляскада жөн эле жаткан. Ал эми дүкөндүн кожойкеси бизден кечирим сурап эле койду, бирок, мен бул ишти жөн калтырбайм. Алар менин баламды аз жерден өлтүрүп коё жаздашты, эми кечирим сурап гана тим болгусу келишет. Такыр уяты жок экен алардын, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД