Мирбек Айтикеевдин Кыргызстандан чет жакка чыгып кеткени кабарланды

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда жашап жаткандыгын жеке булактарга шилтеп "Азаттык" маалымдады.

ММКнын маалыматы боюнча, Мирбек Айтикеев качан жана кантип Кыргызстандан чет жакка чыгып кеткени белгисиз. Мамлекеттик органдар бул маалыматты тастыктай элек.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок, ИИМ анын суракка чакырылбаганын билдирип, бул маалыматты төгүндөгөн.

Буга чейин Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Мирбек Айтикеевдин журналист катары эмес, Кой-Таш окуяларынын күбөсү катары суракка чакырылышы мүмкүн экендигин билдирген.

Мирбек Айтикеев Кой-Ташта атайын операция башталгандыгын коомчулукка биринчилерден болуп кабарлаган. Кийин журналист турган жери белгисиз болуп, бир тууган агасы журналист Адилет Айтикеев дагы Мирбек боюнча маалыматы жоктугун айтып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД