Жаш кыргызстандыктар Москвадагы "Ак таяк" фестивалына катышты

Москва шаарынын Кремлдеги мамлекеттик ак сарайында көзү азиз балдардын кайрымдуулук фестивалы өткөрүлдү. Аны Россиянын эмгек сиңирген артисти Диана Гурцкая жана Улуттук федерациясы биргелешип уюштурду. Бул фестивалда россиялык эстрада жылдыздары менен бирге Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Украинадан барган балдар катышты.

Үстүбздөгү жылы бул фестиваль өзүнүн 10 жылдыгын белгиледи жана 15-октябрда өткөрүлүүчү көзү азиз адамдардын символу болгон - Эл аралык ак таяк күнүнө арналды. Фестивалдын катышуучуларына арналган Росииянын президенти Владимир Путин кайрылуу катында, бул долбоордун балдар жана жаштар чыгармачылыгына кошкон салымы белгиленди.

Динана Гурцкаянын айтымында, бул майрамдык иш чаранын катышуучуларынын арасында жаш өзгөчөлүгүнө карабастан айланасындагылардын кош көңүлдүк жана таш боордук мамилесине туш келген балдар көп. Бирок, алар өздөрүнүн чыгармачылык дүйнөсүнүн жана жакын адамдарынын колдоосу менен өз жашоосундагы жолун таап кетишти. " Бул балдарга алардын жалгыз эмес экендигин билдирип, жардам берип жана өз таланттарын ачуу мүмкүндүгүн берүү керек", - деп белгиледи ал.

Кыргызстандан бул фестивалга 15 жаштагы Саида Байышова жана Зарина Табылды кызы барышкан. Экөө тең республикалык "Жүрөгүмдө музыка" долбооруна катышкан, Саида мектептеги "Мөл булак" хорунда ырдайт, ал эми Зарина улуттук үйлөө чопо чоор аспабында ойнойт.

Кремлдеги мамлекеттик ак сарайында балдар менен бирге Валерия, Зара, Алсу, Анита Цой, Марк Тишман, "А студио" тобу жана башка белгилүү ырчылар, "Буратино", "Домисолька", "Непоседы" балдар коллективдери, телевидение хору жана россиялык телерадио компаниясы катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД