Россиянын учкучтары кыргызстандыктарды тарбиялоого жана окутууга катышууда

Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасындагы аскерлер жергиликтүү мектептер менен келечектеги муундарды тарбиялоодо жана окутууда активдүү кызматташууда.

Кече жакында аскер бөлүгүнүн медицина кызматынын өкүлдөрү Кант шаарындагы №4 мектептин онунчу жана он биринчи класстардын окуучулары үчүн өзгөчө кырдаалда биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча сабак өткөрүштү. Ушуну менен бирге мындай абалдагы машыгууларга басым жасалды.

Авиаторлор окуучуларды көңүлсүз лекциялар менен чарчатып отурбай, практикалык иш-аракеттерге өтүштү. Мектеп окуучулары мындай тажрыйбага активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.

Авиабазанын тажрыйбалуу медициналык кызматкери практика жүзүндө дем ала албай калганда, ууланганда, күйүк алганда, электр тогуна урунганда, күн нуруна күйгөндө, сууга чөккөндө, жылан чаккан учурда адамды сактап калыш үчүн биринчи жардам көрсөтүп, канды токтотуу, жаратты таңуу ж.б. жардам берүү ыкмаларын көрсөттү.

Жогорку класстын окуучуларынын кызуу талкууга алганына караганда, аларга бул сабак кызыктуу өттү. Мектеп-гимназиянын окуу жана уюштуруу боюнча директорунун орун басары Эльвира Жапарова белгилегендей, алар россиялык аскер бөлүгү менен мындай кызматташууга абдан кубанышууда.

Буга чейин аскер кызматкерлери жогорку класстын окуучулары үчүн жергиликтүү мечиттин имамыны менен жолугушуусун уюштурушкан. Бул жолугушууда сөз диний экстремизм жөнүндө жүрүп, дин өкүлдөрү Интернеттеги кандай маалыматтарга ишенүү жана ишенбеш керектигин, анык мисалдарды келтирүү менен айтып беришкен.

Авиабазанын аскерлери Кант шаарындагы жана жакын жерде жайгашкан айылдардагы башка мектептердин окуучулары үчүн Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы советтик элдин баатырдыгына арналган жолугушууларды, эрдик сабагын, викториналарды жана башка иш чараларды өткөрүшмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД